Текст песни
Балалык күндөр жыргал
Арналган сага ырлар
Жоолукпай перизатың
Айтылбай калган сырлар
Мектептен кайтарымда
Жол тосуп турчу элең
Мен сенин перизатың
Болсом деп жүрчү элем
Ырларым сага арналган
Айтылбай калып калган
Жоолукпай перизатың
Бул дүйнө жалган жалган
Тагдыр ай арман арман
Экөөбүз жетпей калган
Жоолукпай перизатың
Арманда жалгыз калган