Текст песни
Ак жол мага
Ак жол сага сурайын
Баарыбызга ак жол берсин кудайым
Сак болсо экен
Жолдо жүрүү кырсыктан
Ата эне балдарыбыз ылайым
Оо айдоочу асман жерде жолдосуң
Тулпарыңды темир пири колдосун
Сен да мен да эрежени сактайлы
Ак жол сага жол кырсыгы болбосун
Ак жол берсин
Улуу жибек жолубуз
Жолдо болсун таза тилек оюбуз
Болсун дайым сапарыбыз бактылуу
Башың аман бүтүн болсун боорубуз
Суудай агат темир унаа кербени
Кан төгүлүп боелбосун жер бети
Балдарыбыз ата энебиз бар болсун
Төгүлбөсүн көздөрүнөн бермети
Оо айдоочу үйүңөрдө балдарың
Күтүп жатат сүйгөн кызың алганың
Алар үчүн ошол бакыт эмеспи
Күлүп жайнап аман эсен барганың
Ак жол сага
Ак жол болсун деңиздерде
Бийик ашуу тегиздерде
Чет өлкөдө бүт дүйнөдө
Ак жол сага!
Жолдо жүрсөң ак жол сага
Көктө учсаң ак жол сага
Көлдө сүзсөң ак жол сага
Ак жол каалайм!