Текст песни
Жарашыктуу жаштайын
Жадырыган жаз сайын
Жаш күнүмдөн тең өскөн ай
Жакшынакай ак кайың
Бутагыңа коноюн
Кыштын жолун тороюн
Жаштыгыңды менден ал ай
Аккан сууң болоюн
Тамашалуу жаштайын
Тармалдаган жаз сайын
Тай күнүмдөн тең өскөн ий
Татынакай ак кайың
Мен өзгөрдүм сен көрдүң
Мен да көрдүм өнгөнүң
Жаштыгымды кайра бер ай
Сурабайм андан бөлөгүн
Бутагыңа коноюн
Кыштын жолун тороюн
Жаштыгымды кайра бер ай
Аккан сууң болоюн