Текст песни
Жарк дей түшсө бул аалам
Демек, аял жылмайды
Жазылып бүт жүрөктөгү муң кайгы
Аял-дүйнө тиреги
Асыл назик жүрөгү
Махабаттын түгөнбөгөн мүрөгү
Жашоо-турмуш кайыгы
Сызып баратты
Дайым өбөк болсун деп
Бизди жаратты
Мырза тагдыр калеми
Аял-барагы
Алар алгыр куш болсо
Аял-канаты
Сыйкыры бар илеби
Сылап койсо гүл чыгар
Жылуулугу асмандагы күн сымал
Кереметин ашырган
Кең дүйнөнү батырган
Сулуулугун жүрөгүнө жашырган