Текст песни
Күн нуру кытыгылап ойноткон
Шүдүрүм сергитип жер бетин
Таң шоола ойготкон кезинде
Балким келесиңби
Гүлдөр ачылып, атыр жыты чачылып
Булбул да сайрады "Кел" деди
Күн жарым узаган кезинде
Балким келесиңби
Ашыгым келатабы ананайын
Аадырлуу тоонун ары жагынан
Кашымдан түшпөдүң каражаным
Саагынам сени дайым
Паа баа паа ба ба баа
Паа баа ба баа
Паа баа паа ба ба баа
Паа баа баа
Күүгүм кызарып, караңгылап
Күкүгүм үн созуп издеди
Айлана шам жаккан кезинде
Балким келесиңби
Ай нуру булуттар арасынан
Шыкалай сылагансып жанбиргеңди
Жылдыздар жымыңдаган кезинде
Балким келесиңби
Ашыгым келатабы ананайын
Аадырлуу тоонун ары жагынан
Кашымдан түшпөдүң каражаным
Саагынам сени дайым
Паа баа паа ба ба баа
Паа баа ба баа
Паа баа паа ба ба баа
Паа баа баа