Обложка трека Чагылган — Аяна Касымова
3:47

Аяна Касымова Чагылган

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Көрүшкөндө көздөр тике карабай
Эки мүнөз уяң өскөн баладай
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып
Баратабыз гүлдүү бакты аралай

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган

Жарк дегенде неге сени карадым
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың
Дагы дагы жарк дей түшсө экен деп
Ошондо мен чагылганды самадым

Басылганча туралы деп кичине
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк
Неге мынча сүйүү кызык кишиге
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк
Неге мынча сүйүү кызык кишиге

0:00 0:00