Текст песни
Бал тилдүү балкыган медерим
Байкатпай абалым сезээрим
Ага деп эркелеп дем берген
Данакер зирегим
Жаныма жароокер сырдашым
Көңүлүм көтөргөн кыйбасым
Бой жетип калганын сезбепмин
Секелек кымбатым
Ата-энем берген белегим
Жайнаган көзүм, карегим
Барган бир жериңден бак берсин
Кудайдан тилегим
Татына гүлүм ай жайнаган
Көркүнө суктанып айланам
Тапшырдым теңиңе аманат
Садагам
Бир боорум, боорукер, аярым
Түгөнбөс казынам, баяным
Тагдыры ушундай экен го
Туурунан учкан кыз баланын
Турмушка таштаган кадамың
Байсалдуу болушун каалаймын
Бактыңа жазылган жакшынын
Жары бол карагым
Акылы тунук ай зирегим
Адамдын кадырын билээрим
Көшөгөн көгөрүп, өнүп өс
Ак бата тилегим
Ак кушум ата-энем таптаган
Кастарлап өстүрүп барктаган
Келин бол ак жолтой садага
Үмүтүн актаган
Ата-энем берген белегим
Жайнаган көзүм, карегим
Барган бир жериңден бак берсин
Кудайдан тилегим
Татына гүлүм ай жайнаган
Көркүнө суктанып айланам
Тапшырдым теңиңе аманат
Садагам
Бир боорум, боорукер, аярым
Түгөнбөс казынам, баяным
Тагдыры ушундай экен го
Туурунан учкан кыз баланын
Турмушка таштаган кадамың
Байсалдуу болушун каалаймын
Бактыңа жазылган жакшынын
Жары бол карагым
Бир боорум, боорукер, аярым
Түгөнбөс казынам, баяным
Тагдыры ушундай экен го
Туурунан учкан кыз баланын
Турмушка таштаган кадамың
Байсалдуу болушун каалаймын
Бактыңа жазылган жакшынын
Жары бол карагым
Бактыңа жазылган жакшынын
Жары бол карагым