Текст песни
Өскөн жер ыйык мазарым
Өргүтүп жарпым жазарым
Өмүр жол сенден башталып
Өмүрдөн бүтөр сапарым
Кадыры кымбат жерим сен
Каректер тамган, меңим сен
Караным жүргөн Манастын
Кагылып кетчү элим сен
Көргөндүн канбай кумары
Көйкөлүп өскөн тулаңы
Бабамдан калган ыйык жер
Баламдын дагы турагы
Кадыры кымбат жерим сен
Каректер тамган, меңим сен
Караным жүргөн Манастын
Кагылып кетчү элим сен
Өз үйүм өлөң төшөгүм
Өрт болуп күйүп өчөйүн
Чынары болбой өзгөнү
Чырпыгың болуп өтөйүн
Кадыры кымбат жерим сен
Каректер тамган, меңим сен
Караным жүргөн Манастын
Кагылып кетчү элим сен