Текст песни
Элетте мени күткөн кымбат айылым бар
Тереги желбиреген желектей
Эч качан унуттура албас ай-жылдар
Тууган жер тумар белектей
Жылгасын сабап өткөн жазгы жамгырды
Жылаңбаш балалыгым жашынган
Апакай гүлүн ачкан бактын алдында
Алгачкы сүүйүм ачылган
Кучагы ар дайым алма жыттанган
Бакчасы балапан чагымдын
Куш кабар жиберчи мага куштардан
Сагындым айылым, сагындым
Көчөңдө чаң-ызгытып кайра чуркасам
Бактылуу күндөрүмдү табамбы?
Көкөлөйм каймагың жеп, айран ууртасам
Барайын минип шамалды
Барып мен бала кезге кучак жайгым бар
Чакырат желбиреген теректер
Арадан агылса да канча ай-жылдар
Каректен өчпөс элет жер