Обложка трека Улуу дүйнө — Ырыскелди Осмонкулов
4:54

Ырыскелди Осмонкулов Улуу дүйнө

Сингл · 2023

Скачать

Текст песни

Дүйнөлүк данк өмүрүнө өрүлгөн
Дүйнөсү бар адамзатка төгүлгөң!
Эс-акылы шап чырак, элге жарык тартуулап
Чынгыз десе жылдыз көктө көрүнгөн!

Кармап күндү карегине
Арбап жанды калемине
Чынгыз дүйнө Кыргыз дүйнө Улуу дүйнө!
Саманчынын жолу менен
Сапар алган ою терең
Чынгыз дүйнө Кыргыз дүйнө Улуу дүйнө!

Залкар инсан бактыбызга буюрган
Заман жүзү Ала-Тоого бурулган
Ай ааламды жаңыртып
Талантына багынтып
Чынгыз десе Кыргыз аты угулган

Кармап күндү карегине
Арбап жанды калемине
Чынгыз дүйнө Кыргыз дүйнө Улуу дүйнө!
Саманчынын жолу менен
Сапар алган ою терең
Чынгыз дүйнө Кыргыз дүйнө Улуу дүйнө!

Улам бизге улуулугу артылат
Уюп жаткан керемети айтылат
Өчтү дебе жарыктан, канча кылым карыткан
Кыргыз десе Чынгыз көзгө тартылат!

Кармап күндү карегине
Арбап жанды калемине
Чынгыз дүйнө Кыргыз дүйнө Улуу дүйнө!
Саманчынын жолу менен
Сапар алган ою терең
Чынгыз дүйнө Кыргыз дүйнө Улуу дүйнө

0:00 0:00