Обложка трека Татына — Ырыскелди Осмонкулов
4:16

Ырыскелди Осмонкулов Татына

Сингл · 2023

Скачать

Текст песни

Жүзүңдү карап алып
Жүрөгүңдөн жараланып
Эсимди жоготтум жаш сулуу
Кыялда мен тилеген
Кызыктырып мөлтүрөгөн
Эриниң алчадай таттуубу?

Сен эмнеге мынча татынакай
Суктанат күн да нур жайып
Кандай гана көзүң бакыракай
Карап оңго, солго
Жолуңда турсак жылмайып
Көрмөксөн болбо!

Тургансып зым карагай
Биз тарапка бир карабай
Зыпылдап өттүң го жаш сулуу
Көз арттып билбей келем
Көңүлүңдө алдейлеген
Кай жигит болду экен бактылуу?

Сен эмнеге мынча татынакай
Суктанат күн да нур жайып
Кандай гана көзүң бакыракай
Карап оңго, солго
Жолуңда турсак жылмайып
Көрмөксөн болбо!

Каяктан келдиң биздин жайга
Жашынып мурда жүрдүң кайда
Суранабыз жоголуп кетпе бир күн кайра
Карматпай жүрбө, кара басып
Кантесиң кетсек ала качып?
Чочуба, чоң кыз, бактыга жараша тамаша!

Жарыңа арзып жеткиниң
Жалындап күйүп кеткиниң!

Тилекте жалың сөзүң болсун
Жүрөктө аруу сезим толсун
Аталат ошол, сезим Махабат!

0:00 0:00