Обложка трека Арзуум — Ырыскелди Осмонкулов
3:57

Ырыскелди Осмонкулов Арзуум

Сингл · 2023

Скачать

Текст песни

Күндөрдүн кечтеринде, таңдарында
Күтүүдөн өчпөй күйүп шам жанымда
Мезгилим өмүр менен өрүлүшүп
Мен келгем үмүт жандап арманымда

Мен сага жолуга
Нур жайнап жолума
Күлүңдөйм бактыдан
Гүл кармап колума.
Арзуум
Жол түшүп астымда
Жолуктум тагдырга
Бар экен махабат
Бактымды таптым да
Арзуум

Кең дүйнө көздөн учуп зар болгондо
Кечигип кезиктик тар жолдордо
Мээримиң жүрөгүмдү нурга бөлөп
Мен бармын, сүйүүм-өзүң бар болгонго

Мен сага жолуга
Нур жайнап жолума
Күлүңдөйм бактыдан
Гүл кармап колума
Арзуум
Жол түшүп астымда
Жолуктум тагдырга
Бар экен махабат
Бактымды таптым да
Арзуум


Ишенбе бүт нерсенин калганына
Жашоонун сүйүү барда жалганына
Сезимдин кереметтүү бактысынан
Сен үчүн кайыл болдум мен баарына

Мен сага жолуга
Нур жайнап жолума
Күлүңдөйм бактыдан
Гүл кармап колума
Арзуум
Жол түшүп астымда
Жолуктум тагдырга
Бар экен махабат
Бактымды таптым да
Арзуум

0:00 0:00