Текст песни
Жарыкка көз жарганда эң оболу
Толгонуп канча жашы корободу
Кызыл эт балапандай баланы алып
Калтырабай киндик кескен эне колу
Үзүлбөй келечектен күткөн ою
Үйрөтүп үзүр көрүү өмүр бою
Эмгектеп талпынып,
жаңы баскан мезгилинде
тай-тайлап жетелеген эне колу
Эзилип эт - жүрөгү эчен жолу
Аластап тийбесин деп эч бир оору
Айланып түн уктабай азап тартып
Ак сүтүн эмизген да эне колу
Үзүлбөй келечектен күткөн ою
Үйрөтүп үзүр көрүү өмүр бою
Эмгектеп талпынып,
жаңы баскан мезгилинде
тай-тайлап жетелеген эне колу
Гүлдөтүп мээрим менен талаа, тоону
Кең салып чаап берген турмуш жолу
Жашоонун үрөөнүн сээп өмүр улап
Чарчабай эмгектенген эне колу
Үзүлбөй келечектен күткөн ою
Үйрөтүп үзүр көрүү өмүр бою
Эмгектеп талпынып
жаңы баскан мезгилинде
тай-тайлап жетелеген эне колу