Обложка трека Дос жан — Ырыскелди Осмонкулов
4:10

Ырыскелди Осмонкулов Дос жан

Сингл · 2023

Скачать

Текст песни

Жакшыга жанашкан узарат
Дүйнөсү кең болуп
Элине дем болуп
Жаманга жанашкан кызарат
Дүйнөсү кем болуп
Ушакка жем болуп

Бактыга жайылса канатың
Баардыгы жос болот
Ыр күлкү коштолот
Чыныгы досуңду табасың
Турганда зарылып
Курганда жабыгып

Сен айтсаң досторуң жөнүндө
Мен сени ким экениң билемин
Жүзүңдү жоготпой өмүрдө
Жүрөгү таза досту тилегин

Байкабай таарынтсам кечирип
Жаманга кошпогун, жөлөк бол досторум
Жаңылсам каталык кетирип
Айткыла күйдүрүп
Мактабай сүйдүрүп

Кадыр түн тоскон
Кагыламын достон
Дайыма жарыгың тийет, дайыма
Тагдырым кошкон, айланамын достон
Амандык тилеп!

Жар салам досторум жөнүндө
Мен өзүм ким экеним билемин
Жүзүмдү жоготпоймун өмүрдө
Жүрөгү таза достор тирегим

0:00 0:00