Текст песни
Көз артат көптөр жериме
Көз мончок тагып койсомбу?
Көркөмүң дагы арттырып
Көпөлөк болуп консомбу?
Сук артат көптөр жериме
Айланып сууну чачсамбы?
Ансайын көркүң арттырып
Ак марал болуп бассамбы?
Сактасын суук көздөрдөн
Садагам Оштой жеримден
Сулайман пирим колдосун
Зоо жүрөк, баатыр элимдин
Зоо жүрөк Кыргыз элимдин
Колумдан келсе туулган жер
Көз тумар болуп тагылсам
Орунду кимдер талашмак
От жалын болуп жагылсам
Сактасын суук көздөрдөн
Садагам Оштой жеримден
Сулайман пирим колдосун
Зоо жүрөк, баатыр элимдин
Зоо жүрөк Кыргыз элимдин
Садагам Оштой жеримди Сактасын Кыргыз элимди!
Садагам Оштой жеримди, Сактасын Баатыр элимди!