Перейти к содержимому
Обложка трека Жылуу сөзүң күтүп келемин — Айтурган Эрмекова
2:59

Трек

Айтурган Эрмекова Жылуу сөзүң күтүп келемин

Сингл · 2024 · Поп

Скачать

Текст песни

Жылуу сөзүң күтүп келемин
Жүрөгүмдөн сүйүп келемин
Жан дүйнөмдү жабыркатсаң да
Өзүмө өзүм үмүт беремин
Сүйүүбүз да баратат муздап
Сезимдерим ичимден сыздап
Баягыдай жанды таба албай
Ыйга толгон күндөрүм курчап
Арманга түшүп келем
Алсыз бир үмүт менен
Мен сени күтүп келем, күтүп келем
Жаныңда күлүп кенен
Сагындым сүйөм деген
Сөздү мен күтүп келем, күтүп келем

Убакыт жок бизге табылбайт
Бишка жерде жүрсөң жалындап
Кайсыл жерден ката жаздым деп
Тагдырыма ыйлап жалынмак
Баёо сезим менин чогулган
Бакыт издеп бирге кошулган
Үйдө муздак болуп мамилең
Башка кызга шашып жолуккан
Арманга түшүп келем
Алсыз бир үмүт менен
Мен сени күтүп келем, күтүп келем
Жаныңда күлүп кенен
Сагындым сүйөм деген
Сөздү мен күтүп келем, күтүп келем

Комментировать

0:00 0:00