Перейти к содержимому
Обложка трека Махабатым — Айтурган Эрмекова
4:48

Трек

Айтурган Эрмекова Махабатым Cover

Сингл · 2025 · Поп

Скачать

Текст песни

Мен сага жетпей калгам сүйүп, сүйүп
Сен эми жашап калдың жүрөгүмдө
Көздөрүң жайнап турчу күлүп, күлүп
Сен мени арбагансың түбөлүккө, махабатым
Кайдасың, кайдасың, кайдасың асыл кечим?
Сагындым, сагындым, сагындым азыр келчи
Дайра болуп, сүйүү болуп, бакыт болуп агып келчи, махабатым

Койчу элем чачтарыңдан сылап, сылап
Чачыңды кимдер эми сылады экен
Кечиксем кызганчу элең ыйлап, ыйлап
Жүрөгүң эми кимди кызганды экен, махабатым
Кантейин, кантейин, кантейин айлам да жок
Жетүүгө, жетүүгө, жетүүгө дарман да жок
Эми мага, эми сендей, эми сендей ааламда жок махабатым

Кыйналдым көп оорудум ойлоп, ойлоп
Бактылуу кандай жанды сүйдүң экен
Биз барчу чоң дайраны бойлоп, бойлоп
Эркелеп эми кимге жүрдүң экен, махабатым
Кайдасың, кайдасың, кайдасың асыл кечим?
Сагындым, сагындым, сагындым азыр келчи
Дайра болуп, сүйүү болуп, бакыт болуп агып келчи, махабатым

Комментировать

0:00 0:00