Текст песни
Сен менин жүрөгүм
Мен күтүп жүрөмүн
Сен мендик бир өзүң
Мен сени сүйөмүн
Ысык-Көлүмдүн улуулугундай
Ысык-Көлүмдүн сулуулугундай
Жактырамын сени, бир гана сени
Жээгиндеги кумдун жылуулугундай
Себелеп, себелеп жааган жаанга
Көп эле калдым ушул таңда
Керемет, керемет Ысык-Көл күбө
Ууу Күткөнүмө, түткөнүмө
Мен, дагы, дагы кайталайм
Мен сырларымды көлдөн жашырбайм
Ысык-Көлүмдүн улуулугундай
Ысык-Көлүмдүн сулуулугундай
Жактырамын сени, бир гана сени
Жээгиндеги кумдун жылуулугундай
Жаным жарыгым а-ай
Ардагым менин сен
Жаным жалыным сен
Сүйгөнүм менин
Ысык-Көлүмдүн улуулугундай
Ысык Көлүмдүн сулуулугундай
Жактырамын сени, бир гана сени
Жээгиндеги кумдун жылуулугундай