Текст песни
Ар тараптан куюлуп күүлөр акты, ырлар акты
Ашыгамын теминип, чабдар атты
Сенин сүйкүм элесиң бажырайып, бажырайып
Чапкан атка жеткирбей, жеткирбей, бара жатты
Тоолор
Тоолор
Тоолор
Чапкан атка жеткирбей, жеткирбей бара жатты
Сенин күлкүң жаңырса кулагыма, кулагыма
Окшоп кетет Ала - Тоонун булагына
Жүз көрүшпөй жаш жүрөк, жай алабы, жай алабы?
Жайлоодогу жан сүйгөн, жан сүйгөн ынагыма
Тоолор
Тоолор
Тоолор
Жайлоодогу жан сүйгөн, жан сүйгөн ынагыма