Перейти к содержимому
Обложка трека Эне тилеги — Неля
3:47

Трек

Неля Эне тилеги

Сингл · 2024 · Поп

Скачать

Текст песни

Жаратканга жалынып
Атаң менен тилендик
Сен жаралып дүйнөгө
Зор бакытка бөлөндүк
Чачың өрүп беш көкүл
Сырдаш бол деп ыктадым
Кучагыма бек кысып
Ыйман тилеп уктадым

Барган жерден бакыт тап
Жылдыздуу бол ай кызым
Арабасын тең айдап
Сыймыктуу бол ай кызым
Уяткарбай элиңди
Урматтуу бол ай кызым
Акырында айтаарым
Бактылуу бол, ай кызым

Түгөйүңдү түбөлүк
Падыша көр эрмегим
Кубанычта-кайгыда
Кашында бол берметим
Кубандырып журтуңду
Ак жолтой бол секетим
Жыл айланбай буйруса
Бешигиңди берейин

Барган жерден бакыт тап
Жылдыздуу бол ай кызым
Арабасын тең айдап
Сыймыктуу бол ай кызым
Уяткарбай элиңди
Урматтуу бол ай кызым
Акырында айтаарым
Бактылуу бол, ай кызым

0:00 0:00