Перейти к содержимому
Обложка трека Аруу кыялдар — Омар Жанышов
3:35

Трек

Омар Жанышов Аруу кыялдар

Альбом · Күмүщ · 2023 · Поп

Скачать

Текст песни

Асман ачык болчу ал күнү
Асфальт жолдо турдуң курбуң күтүп
Арбайт өткөндөрдү сенин күлкүң
Эми сулуу пери ойлон терең
Өмүр өтө бербейт күлкү менен
Жашоо асфальт жолдой болсун кенен

Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың
Ай, ай, шашыласың
Ай, ай, жаш курагың жашырасың

Сезим ойгоно элек сенин жүрөгүңдө
Сельфи телефондо, бардык сүрөтүңдө
Убактың өтөт интернет түйүндө
Күндө да, түндө
Жашоо виртуалдуу дүйнө эмес
Жаштык, жарашыктуу жашыл белес
Жаркып, жайнап турат карап көрчү
Дүйнө сендей керемет

Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың
Ай, ай, шашыласың
Ай, ай, жаш курагың жашырасың

Балким кыялдарың өтө бийик
Болгун кыялыңдай сен да күлүк
Жаша бир адамды чындап сүйүп

Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың
Ай, ай, шашыласың
Ай, ай, жаш курагың жашырасың
Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың
Ай, ай, шашылбачы
Ай, ай, жаш курагың жашырасың

Комментировать

0:00 0:00