Текст песни
Баркыңа жетпей сенин өзүңсүз калдым
Оолугуп жалган дүйнөдө жалгыздык таптым
Кайдасың кандай жайдасың
Билдирип койчу дарегиң издеп табайын
Сагыныч мени эзди да, жеди
Аргасы болсо кайтуунун кайрылып келчи
Сагындым, сагындым
Кечирип келчи кайрылып сени сагындым
Эң жаманы экен сагынган
Көзүңдү ала албай жол карап заарыккан
Кечиргин мен да пендемин
Жазылган тагдырдын жолун көздөй кеткенмин
Сагыныч мени эзди да, жеди
Аргасы болсо кайтуунун кайрылып келчи
Сагындым, оа жаңылдым
Кечирип келчи кайрылып сени сагындым